Menu

Султан Каназаров $1,2 млн бюджет менен “Кыргызстан” партиясынын шайлоодогу PR кампаниясын башкарып жатат

Бөлүшүү:

КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына шайлоого катышып жаткан “Кыргызстан” саясый партиясы шайлоо алдындагы партиянын PR кампаниясына $1,2 млн акча бөлүп, кампанияны жетектөөгө белгилүү журналист Султан Каназаровду дайындашкан. Бул тууралу бизге партиянын ичиндеги жеке булактар билдиришти.

Султан Каназаров 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүшкө чейин жеке менчик “Репортер” гезитин жетектеп келсе, төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын пресс-катчысы болуп дайындалган.

2011-2012-жылдарда премьер-министр Өмүрбек Бабановдун пресс-катчысы болуп  эмгектенген.

2013-2017-жылдарда америкалык RFE/RL радиосунун кыргыз редакциясы – “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун жетектеген. Ал жерде Бабановго жан тартып жатат деген шек менен Алмаз Атамбаев RFE/RL радиосунун президенти Томас Кент менен жолугушууда аны кетирүүнү шарт коюп, өз максатына жеткен.

2017-жылы президенттик шайлоодо Султан Каназаров президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабында PR кампаниясына жардам берген.

Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал күтүлгөндөй  “Республика” партиясынын эмес, “Кыргызстан” партиясынын PR кампаниясын жетектөөгө чакырылды.

Билермандардын айтуусунда, азыр “Кыргызстан” партиясынын PR кампаниясында болуп жаткан мүчүлүштүктөргө, мисалы, жарнамалык баннерлердеги одоно каталарга Султан Каназаровдун тиешеси жок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: