Учурда «МегаКом» ишине байланыштуу иликтөө иштери катуу жүрүп жатат. Бул чырлуу иш калыс иликтенсе жиптин учугу 2010-жылдагы революциядан кийин Башкы прокурор болгон Байтемир Ибраевге такалышы толук мүмкүн. Анткени ошол кезде «МегаКомдун» акциясы 100 пайыз мамлекетке өтпөй калышына байланыштуу иште кулагы чыгышы турган кеп. Ошондуктан тиешелүү органдар мамлекетке 100 пайыз алууга кызыкдар болбой, күмөн санаткан иштер менен алек болгон Ибраевдин ишин дагы «казып» көрүшү керек. Акыры чындыкка жетиш керек да…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ