Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери адамды автоунаа менен сүзүп өлтүргөн кылмышка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү болжол менен түнкү саат 2де Торугарт – Бишкек жолунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы участкасында “Mерседес” автоунаасынын айдоочусу 18 жаштагы айыл тургунун сүзүп кеткен. Машина сүзгөн боз улан алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Ал эми сүзгөн айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Ошол эле күнү райондун ички иштер бөлүмү бул кырсыкка байланыштуу КРнын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштери башталганда, боз уланды сүзүп кеткен адам Ысык – Ата районунун 63 жаштагы тургуну деп болжолдонгон. Бирок, ИИМдин ички иликтөө кызматында күнөөлүү айдоочу ЖККБнын кызматкери болушу мүмкүн деген маалымат болгон. Видео көзөмөлгө түшүп калган кардларды карап чыкканда, автоунаанын айдоочусу улгайган адам эмес, кыйла жаш экендиги билинген.
Жыйынтыгында, бул кылмыш иши боюнча 2018-жылдын 5-декабрында Ысык – Көл облусунун Ак – Суу райондук ички иштер башкармалыгынын ЖКККБнын кызматкери кармалган. Ал окуя боюнча көрсөтмө берип, кылмышын моюнуна алган. Азыркы тапта тергөө иштери уланууда.
https://youtu.be/STLhyrI9F7o
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ