Котур ташы койнунда бар адамдын оңолушу кыйын тура. Мына коррупционер катары айып тагылып, камакка алынып, 10 миллион сом төлөп чыккан Ахматбек Келдибеков өткөндө президент экс-спикер менен экс-премьерлерди чакырып акылын укканда, бир кызык жыландын башын чыгарды. Коррупция менен күрөшөм деп калп да болсо шымаланып жаткан Сооронбай Жээнбеков дал ушул коррупцияга айыпталып абакка отуруп чыккан Ахматбектин акылына муктаж болгону зээнди кейитет. Акыл кошчу болуп жаткан Ахматбек Келдибеков президентке борборду Ошко көчүрүш керек дегенди айтып, колтугуна суу бүрктү. Бул жакшы көрүнүш эмес. Келдибековдун бул сөзүндө борборду көчүрүү аркылуу бийликти тарттырып жиберем деп коркпой, каалагандай башкарса болот деген сасык ой жатат. Мындай логиканын арты жакшы болбойт. Ахматбек мындай сөздү түшүнөн чочугандай болуп, уйкусурап келип айтып жатпаганы белгилүү эле болуп турат. От менен ойногон жакшы эмес. Борборду Ошко көчүрүү стратегиялык жактан туура болбойт. Муну Келдибеков жакшы билет. Бирок ошону билип туруп айтып жатканына караганда, элдин маанайын байкайлы деген саясат жүрдү көрүнөт…
Булак: Багыт.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ