КТРКнын башкы директору кызматына сынак токтотулду. Бул тууралуу журналисттерге телерадио корпорациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.
Анын айтымында, экс-директор Жайнак Үсөн уулунун жумушту калыбына келтирүү доо арызы боюнча Ленин райондук сотунун чечиминин негизинде сынак убактылуу токтотулган.
Белгилей кетсек, буга чейин КТРКнын Байкоочу кеңеши телерадио корпорациясынын башкы директорлугуна ачык сынак жарыялаган. Жалпысынан сынакка катышууга 15 талапкер арыз тапшырган. Алардын бардыгы экинчи турга өтүшкөн.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Байкоочу кеңеш өзүнүн мүчөсү Жылдыз Бакашованы башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ал эми азыркы учурда директордун милдетин убактылуу аткаруучу Бактияр Алиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ