Menu

Аким Кожоев: “Жерге-Талдагы этникалык кыргыздар коронавируска каршы күрөшүүдө жардам сурап жатышат, оорукананын жалгыз адиси өзү илдет жуктуруп алыптыр”

Бөлүшүү:

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздар коронавируска каршы күрөшүүдө аларга жардам берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу кечээ, 5-майда тажикстандык кыргыздардын өкүлү Аким Кожоев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымы боюнча, коронавирус инфекциянын алгачкы учурлары бир жума мурун катталса дагы, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес.

“Жерге-Тал кароосуз калды. Пандемиянын башталгандыгына бир жумадан ашса да, борбордон эч кандай жардам келбей жатыптыр. Кечээ эки киши каза болуп, дагы канчасы оор абалда экен. Ооруканаларда эч кандай даярдык жок дешет. Мындай илдет менен күрөшө турган адистер жокко эсе экен. Райондун борборундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жалгыз адиси өзү илдет жуктуруп алыптыр. Дабагерлерге сактана турган кийимдер да берилбептир. Угушума караганда, жогорудан «өзүңөр сатып алгыла» деген буйрук болуптур. Дарыканаларда да дары-дармек жетишсиз экен. Бийлик тарабынан ооруну алдын алуу, алар менен байланышкандарды таап, обсервацияга жаткыруу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жана башка иш-аракеттер болбогондуктан, үрөйү учкан эл бөөдө кырылып калбагай элек деп карайлап турган чагы. Үнүбүздү кыргыз бийлигине, кыргыз коомчулугуна жеткир деп, кечээтен бери телефон чалып, өтүнүшүүдө. Кандай жардам кыла алабыз, туугандар?!” – деп жазган Аким Кожоев.

Тажикстан узак убакыттан бери коронавирус жуккан учурлар жөнүндө кабарлаган эмес, оорунун фактылары расмий түрдө 30-апрелде тастыкталган. Бир нече күндүн ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 230 кишиге жетти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: