Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун кайнатасынын үй-мүлкүн баалаш үчүн текшерүүгө уруксат берди. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов сот алардын жүйөсүн укпастан, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн ал жараянга катышпаса деле канааттандырып койгонун билдирген жана муну “саясий буюртма” деп атады. УКМК Сапар Исаковдун адвокаты элге туура эмес маалымат берип жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов: «Токтакунов “УКМК сот аркылуу Сапар Исаковдун жакын туугандарынын мүлкүн камакка алып, конфискациялаганы жатат” деп коомчулуктун пикирин башка нукка буруу аракетин көрүүдө. Кылмыш ишинин алкагында жоопко тартылып жаткан адамдардын мыйзамсыз байыганы боюнча версия да текшерилип жатат. Бул үчүн Токтакунов коргогон адамдын гана эмес, кылмыш ишинин башка фигуранттарынын да кыймылсыз мүлкү соттун уруксаты менен каралып чыгат», – билдирди.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ