Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматты атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашууга макулдугун берди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бахрейндин жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.
Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 1100 адамга дипломатиялык паспорт берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ