Menu

Эмомали Рахмон CASA-1000 долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Исламабаддагы Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинде CASA-1000 долбоорунун аймактагы маанилүү ролун белгиледи. Рахмондун айтымында, бул Борбор жана Түштүк Азиянын ортосундагы алгачкы көпүрө болот.

CASA-1000 долбоору расмий түрдө Турсунзаде шаарында 12-майда башталган. Ага Тажикстан президенти жана Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан премьер-министрлери катышкан. Аймакта жогорку чыңалуудагы линиянын курулушу менен Түштүк Азия өлкөлөрү Кыргызстан менен Тажикстандан жылына 5 миллиард кВт/саат экологиялык таза электр энергиясын алары күтүлүүдө.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон уюмга мүчө өлкөлөрдү интеграцияга жана соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө, жаратылыш кырсыктарына даяр турууга жана учурунда көмөктөшүүгө чакырды. Ал Тажикстандын туризм тармагында чет элдик инвесторлор үчүн жеңилдиктер каралганын дагы эске салды.

Исламабаддагы Экономикалык кызматташуу саммити коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтүп жатат. Бул 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Пакистандагы соңку террордук чабуулга байланыштуу.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: