Пекин жаза мөөнөттөрүн Кытайдын түрмөлөрүндө өтөп жаткан үч казак жаранын Астанага өткөрүп берди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Азырынча ал жарандардын аты-жөнү жана мындан аркы тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок.
Жакынкы убактарда кытай тарап Казакстандын соттолгон дагы үч жаранын өткөрүп берүү маселесин карай турганы кабарланууда. Министрликтин маалыматы боюнча учурда Кытайдын абактарында дагы тогуз казак жараны бар.
Үч жаранды мекенине берүү тууралуу макулдашуу марттын башында Казакстандын Кытайдагы элчиси Шахрат Нурышев менен Кытайдын юстиция министринин орун басары Лю Чжицяндын жолугушуусу маалында жетишилген. Эки өлкө ортосунда эркинен ажыратылган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу бар. Буга чейин Кытай тарап бир канча жолу соттолгон казак жарандарын мекенине экстрадициялаган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ