Menu

«Свобода» менен «Настоящее время» Орусиянын Юстиция министрлигинен эскертүү алды

Бөлүшүү:

Орусиянын Юстиция министрлигинин эскертүү каттарын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы, борбордук Волга аймагын камтыган “Idel. Реалии” жаңылыктар кызматы, ошондой эле «Настоящее Время» телеканалы алды.

Мындай эскертүү каттары Орусия Думасы ММК мыйзамына сунушталган талаштуу өзгөртүүлөрдү жактыргандан кийин жөнөтүлдү. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, өкмөт чет элден каржыланган медиа уюмдарды “чет элдик агенттер” катары аныктоого мүмкүндүк алат.

Каттарда бул ММКлардын иши Орусиянын жаңы мыйзамына ылайык чектөөлөргө кабылышы мүмкүндүгү эскертилген.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, чет мамлекеттерде катталган же каржыланган маалымат каражаттары чет элдик агент макамына ээ болот. Ошол эле маалда жаңы мыйзам чет өлкөлүк капиталдын катышуусундагы орусиялык ММКларга тиешелүү болбойт. Депутаттар өзгөртүүлөр чет өлкөлүк ММКлардын Орусиядагы ишине тоскоолдук кылбай турганын айтышууда.

Мындай чечим Орусия өкмөтү тарабынан каржыланган RT телеканалы АКШдагы бөлүмүн «чет элдик агент» катары каттоо тууралуу америкалык бийликтин талабын аткара тургандыгын билдиргенден кийин кабыл алынды. 14-ноябрда Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги RT телеканалынын катталгандыгы тууралуу маалыматтарын жарыялаган. Вашингтон АКШдагы «чет элдик агент» тууралуу мыйзам Орусиядагыдан кыйла айырмаланарын жана маалымат эркиндигин чектебей турганын бир канча жолу белгилеген.

«Эркин Европа/Азаттык радиосу» Мамдума тарабынан бул мыйзамдын кабыл алынгандыгына байланыштуу жасаган билдирүүсүндө, эми Орусияда чет өлкөлүк ММКларга кандай чаралар колдонулушу мүмкүндүгү жана алар медиауюмга кандай таасир этиши ыктымалдыгы тууралуу божомолдорду айтпай турарын белгилеген.

Андан тышкары билдирүүдө орусиялык журналисттердин АКШдагы иши менен америкалык журналисттердин Орусиядагы иши кыйла айырмаланып турары айтылган. RT менен «Спутник» АКШда өз маалыматтарын эркин жайылтышса, «Эркин Европа/Азаттык радиосу» кабелдик түйүндөргө кирүү мүмкүндүгүнө ээ эмес жана административдик басымдардан улам орусиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун токтотууга аргасыз болгон. Ошол эле маалда «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» журналисттери Орусияда кемсинтүүлөргө туш болуп, айрым учурларда кол салууларга кабылары белгиленген.

«Эркин Европа/Азаттык радиосу» уюмдун негизги максаты — дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн, анын ичинде Орусиянын аудиториясы үчүн туура жана объективдүү маалыматтарды жеткирүү экенин белгиледи. «Биз журналисттик ишибизди улантабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: