– Айнур айым, коомчулукта, айрыкча Акүй менен Көкүйдө парламенттин тарай турганы боюнча кызуу кептер жүрүүдө. Азыркыдай шартта эл өкүлдөрүнүн тарашы канчалык негиздүү деп ойлойсуз?
– Парламентти тарата турган мыйзам ченемдери Башмыйзамда абдан так көрсөтүлгөн. Андыктан, азыр Жогорку Кеңеш тараганга негиз жок деп эсептейм. Кесиптештерим, парламенттин депутаттары дагы жоопкерчиликти сезип, өзүн-өзү таратууга барышпайт. Биз эң оболу, 2017-жылдагы президенттик шайлоону тынч өтүшүн көздөйбүз. Анан калса парламенттик башкаруу системада абдан маанилүү маселеси бул – парламент туруктуу институт, туруктуу орган болушу зарыл. Жогорку Кеңештин ар чакырылышы мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек,
куру дегенде 15-20 жыл. Ошондо жаңы парламенттик демократия системасы бекем болуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө алып келет.
– КСДПнын ичинде парламенттин тарашы боюнча кептер барбы? Президент ачууланса силерди ал эки саатта таратып деле коёт да, туурабы?
– Жо-ок, андай сөздөр жок! Президент биздин парламент депутаттарына карата болгону «иштегиле, ушактарды токтоткула» деп айтты.
– КСДП ичинде Жанар Акаевди мандатынан ажыратуу боюнча демилге күч алып жаткандыгы чынбы?..
– Мен азыр командировкада жүрөм, андай маалыматым жок.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ