Президент Алмазбек Атамбаевдин «Сасык партия» деп айткан сөзү боюнча «Ата Мекен» партиясынын юристтери «Ата Мекендин» аброюна шек келди деп сотко кайрылган эле. Бул доо арызын караган сотто филологиялык жана лингвистикалык экспертиза дайындалды. Эми бул сөздүн маанисин экспертиза аныктайт. «Сот отурумунда президенттин «сасык партия» деп айтканы эки башкача түшүнүктө каралып жаткандыктан, Айтматов атындагы Улуттук илимдер академиясы филологиялык жана лингвистикалык экспертиза жасамай болду.
Себеби сотто президенттин өкүлү «сасык» деген сөз мазактоо иретинде айтылган эмес деген жүйө келтирди», – деди Канатбек Азиз.
Булак: “ПолитКлиника”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ