Вице-премьер министр Олег Панкратовдун эл өкүлдөрүн чымын чакканчалык дагы көрбөсү Кожобек Рыспаевдин ачуусун келтирди. Буга Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде “КРдин бажы тарифи жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор каралып, талкууга чакыртылган Панкратовдун жыйынга келбей койгону себеп болду. Мындан улам, депутат Рыспаев: “Эки-үч жолу ушундай кылды. Өткөн жылы да ушундай кылган”, – деп күпүлдөп, эси барда этегин жапсын деген ишарат жасады. Ырасында, буга чейин да Панкратовдун кылыгына чыдабаган эл өкүлдөрү вице-премьердин жүрүм-турумуна баа берүү керектигин, керек болсо иштен айдоо зарыл экенин белгилешкен. Бирок азырынча колдорунан эч нерсе келе элек. Анан ким тоготмок эле?.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ