“Саясатчылар бийликти – улуттук байлыктарды өз кызыкчылыгына жараша кайра бөлүштүрүү жана көзөмөлдөө жолу катары карабаш керек”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйынында сүйлөп жатып.
“Өлкөнүн келечеги, анын карапайым калкынын турмушу саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлердин жеке инсандык сапаттарына көз каранды болбош керек. Анда өтө эле опурталдуу болуп калат. Акыркы окуялар көрсөтүп жаткандай, оппозицияда жүргөндө бүт өмүрүн карапайым элдин укуктары үчүн күрөшүүгө арнап келген саясатчылар да өздөрү бийликке жеткенде акча топтоонун, байлык жыйноонун азгырыгына туруштук бере албай калат экен”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ