Menu

Донбасста кайрадан элдешүү жараяны жарыяланды

Бөлүшүү:

Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу байланыш тобу 29-августтан тарта ок атышууну мөөнөтсүз токтотууга макулдашты. Бул тууралуу байланыш тобундагы Украинанын өкүлү Дарка Олифер билдирди.

Олифер Фейсбуктагы барагына мөөнөтсүз түрдө ок атышууну токтотуу жаңы окуу жылынын башталышына карата кабыл алынганын жазды. Байланыш тобу Украина аймагында мониторинг жүргүзө турган ЕККУ өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыздоого дагы милдеттенме алды.

Олифердин белгилешинче, 1-июлда жарыяланган буга чейинки элдешүү жараянынан кийин Украина жикчилдер тарабынан бир жарым миң жолу атышуу болгонун аныктаган. Ошол эле маалда Минск келишиминде тыюу салынганына карабай, “Град” ракета системасы, танкалар, артиллерия жана минометтор колдонулган.

Украин тараптын пикири боюнча Орусиядан курал-жарак, ок-дары, күйүүчү-майлоочу майларды ташуу толугу менен токтотулбаса, Донбасстагы тынчтыкты камсыздоо мүмкүн эмес. Киев курал ташуу азыр да уланып жатканын белгилөөдө.

Өз кезегинде Кремль бул айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: