КР Президенттик Аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында, кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн эрдигине, кайратына жана каармандыгына таазим кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
– 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана аларды бардык жерде жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылсын;
– иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук камсыз кылуу маселелерин чечсин.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ