Санкт-Петербургда теракт уюштурду деп шектелген Аброр Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу ал 18-апрелде Москванын Басман райондук сотунда билдирди.
Сотто ал белгисиз адамдан буйрук алганын жана теракт уюштурууга катышып жатканын билбегенин айтты. Ал эми тергөөчү менен Азимовдун адвокаты мурдараак ал күнөөнү мойнуна алганын билдиришкен.
Аброр Азимов 17-апрелде Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан Москва облусунун Одинцов районунда кармалган. Анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тергөөнүн алдын-ала божомолу боюнча Азимов терактты ишке ашырган жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдоого катышкан. Маалымат каражаттары жазышкандай, Жалилов теракт алдында Азимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Азимов 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алган.
Учурда террорчулукка шектелип кармалган он борбор азиялык мигранттын Питердеги жардырууга тиешеси бар же жогу расмий органдар тарабынан маалымдала элек.
3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ