Буга чейин Эркин Мамбеталиевди жансакчылары менен ИИМдин изкубарлары кармап, сурак жүргүзгөнү, натыйжада, 1 мыйзамсыз куралдануу жана кымбат баалуу автоунаалардын документтери жок болуп чыкканы боюнча маалымат тараганын билесиңер да? Ошол иштер боюнча каарманыбыздын жандай көргөн эки баласы СИЗОго камалганы, бу жагы аз келгенсип, дагы текшерүүлөр болуп атканы тар чөйрөдө уу-дуу кептерди жарата баштады. Сыягы, Э.Мамбеталиевге чалма ыргытуу жагы күч органдары тарабынан ишке ашчудай болуп калганбы? Азырынча тактала элек маалыматтар боюнча, «финансы разборкасынын» айынан пикир келишпестиктер жаралганы каңкууланууда. Же каралообу? Ким билсин? Айтор, жакынкы күндөрү күч органдары ушул жагынан сенсациялуу маалыматты чыгарышы да мүмкүн экен. Күтө туралык.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ