Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ, 23-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карады. Ал УКМКнын абагына убактылуу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Камчы Көлбаев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) менен шектелип, УКМК тарабынан камакка алынган. Ал тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ