Бишкекте тез жардам менен «Сузуки» үлгүсүндөгү минивэн сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын айтымында, кырсык кечээ Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам менен минивэн кагышып, эки киши жабыркаган, алардын бири жаш бала. Жабырлануучулар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилип, жаткырылган. Бул факт катталып, териштирүү иши башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ