Menu

Түркмөн бийлиги Индияда кармалган жарандарын кайтаргысы келет

Бөлүшүү:

Түркмөнстан бийлиги алтын аткезчилиги менен Индияда камалган жарандарын экстрадициялоо аракетин көрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Май айынын башында Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто аткезчилик жол менен өлкөгө 19 килограмм алтын алып кирүүгө аракет кылган 28 түркмөн жараны кармалган. Алардын арасында 22 аял болгон.

“The Indian Express” басылмасы 23 түркмөн жараны кармалганын кабарлаган. Алардын жанынан табылган алтындын жалпы баасы 60 миллион рупий же 890 АКШ долларына барабар болгон.

Көп өтпөй өлкөнүн Бажы кызматына Түркмөнстандан учкан дагы бир учакта мыйзамсыз алтын алып келаткан беш түркмөн жараны бар экендиги тууралуу кабар келип түшкөн. Текшерүүлөрдөн кийин алардын алтын алып кирүү аракети мыйзамсыз экени аныкталып, кармалышкан.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы эгер түркмөн жарандары мекенине кайтарылса, алар оор жазага тартыларын белгиледи.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: