“Эки жыл мурда Жол кайгуул кызматын Патрулдук милицияга өзгөртүп түзүүгө 513 млн сом каражат жумшалган эле. Бирок, анын иши натыйжасыз бойдон калууда. Жарандар анын ишине өтө нааразы. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди” – деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.
«Патрулдук милиция алдын алуу чараларын көрүп, жол кырсыгын азайтуунун ордуна, жол боюна жашынып алып, машина аӊдып, акча доолап отурат. Жол кырсыгы күн сайын көбөйүп барат. Өкмөт иштиктүү чараларды көрбөсө болбой калды», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ