Menu

Биздин топ тепкичтер биринчи жолу Азия финалында

Бөлүшүү:

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы 27-март күнү ордо калаабыздын Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда Индиянын каратору топ тепкичтерин кабыл алып, Азия кубогу-2019 мелдешинин алкагында тайпалык акыркы беттешин өткөздү, 2:1 эсебинде биздин топ тепкичтер жеңишке жетүү менен Бириккен Араб Эмираты өлкөсүндө өтүүчү Азия кубогунун финалдык оюндарына жолдомо алды.

Эске сала кетсек, Азия кубогунун иргеп алуу циклинде акыркы беттешүү анча деле тагдырды чечмек эмес. Болгону тайпадагы командалардын ордун так аныктоо, мындайча айтканда, «Кыргызстан курамы тайпада 1-орунду камсыз кылабы же 2-орун менен чыгабы?» деген суроого жооп болмок. Ошондуктан биздиң топ тепкчитер өз талаасында стадион толо келген куйөрмандардын колдоосу менен болгон күч аракетин жумшап индиялык каратору оюнчуларга каршы жакшы оюн көргөзүүнү көздөшкөн. Буга чейин Индия командасы менен конокто биздикилер 1:0 эсебинде утулуп калганын эске алсак, мында күйөрмандардын ишенимин актоо үчүн ыңгайлуу шартта жакшы эсеп менен утуп алуу абзел эле. Алдын ала айта кетели, биздин топ тепкичтер өз короосундагы чоң мелдеште алдыга койгон максаттарына жетишти. Күйөрмандар да жыргашты. Үшүп-шишгенине карашкан жок. Маанайлары көтөрүңкү абалда тарап, жөн тарабай көчө жаңырта «Алга Кыргызстан!» дешип, алды жеңишти майлап-сүттөп тарашты.

Эми беттешүүнүн урунттуу жерине кыскача токтоло кетели. Улуттук курамдын баш машыктыруучусу Александр Крестинин жашыл талаага Павел Матяш, Шератов, Байматов, Бернхардт, Мурзаев, Откеев, Жыргалбек уулу Кайрат, Дуйшебеков, Мусабеков, Землянухин жана Шамшиевдерди алып чыкты. Көз ачып-жумгуча, кээ бир куйөрмандар өз ордуларын тапкыча биздин оюнчу Землянухин 2-мүнөттө эле конокторго топ киргизип кетти. Стадион бир жарылды дейсиң, ызы чуу, «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» боло түштү чиркин. Топтун кантип киргенин көрбөй калган күйөрмандар «А ну-ка, повтори!» деп, эки-үч кайталап кыйкырышты. Мындан кийин оюнга жан кирди, бирде индиялык каратору топ тепкичтер чабуулга чыгып, бирде биздин балдар атаандаштын дарбазасына чейин жетип жатышты. Анткен менен оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны өзгөрүлгөн жок. Тыныгуудан кийин канчалык коноктор эсепти теңөө амалын кылбасын, биздикилер одоно ката кетирбегенге аракет кылып атышты. 71-мүнөттө Мирлан Мурзаев эсепти жаңыртып, индиялыктардын дарбазасына экинчи топту киргизди. Экинчи ирет стадион күйөрмандардын кыйкырыгынан жарылды.

Жанымда отурган бейтааныш күйөрман кубанганынан тура калып, колундагы балдардын оюнчугу болгоң сурнайды далайга чыйылдатып үйлөп турду. Отуруп атып «Бразилиядагы Маракана стадиону болуп кетти окшойт» деп жанындагыга кубануу менен айтып атты. Ал да кыйын неме экен, жөн калбай, «Зачем океандын ары жагын айтасың, Москванын Лужники стадионунан кем калган жок окшойт, туура айтамбы?» деп токтоду. Далайга күбүр шыбырлар болуп атты. Аягы барып атаандаштардын биздин дарбазага бир гол жаратканы менен аяктады. Оюн бүтүп, үч эле мүнөт калган. Бир аз чыдап коюшса болмок, кээде биздин оюнчулардын «бали дээрде балп дедирип иймей» адаты бар эмеспи, ошонусу кармап кетти. Ошентип оюн 2:1 эсебинде аяктады. Эми биздин топ тепкичтер келерки жылы (2019) январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтүүчү Азия кубогу мелдешинде ат салышат. Ал жерде Кыргызстан, БАЭ, Катар, Түштүк Корея, Япония, Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия, Өзбекстан, Иран, Сирия, Ирак, Кытай, Палестина, Оман, Индия, Ливан, Туркменстан, КНДР, Филиппин жана Йемен ж.б. болуп, жалпы жонунан 24 команда күч сынашмакчы. Финалдык мелдештин шарты, ким ким менен, качан, кайсы убакта болору май айында чүчүкулактан кийин билинет, күтө туралы.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: