“СДПКнын мурда Ошто такыр позициясы жок болчу, азыр мына 31-мартта съезди болот. 2007-жылкы шайлоодо мына ушул Жээнбеков башында туруп, СДПКнын позицияларын түзүп, добуштардын баарын СДПКга алып берип жаткан мына ушул, азыркы президент Жээнбеков”, – деп билдирди саясат таанучу Орозбек Молдалиев КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө.
“СДПКнын аты ошондо чыга баштады. “Жээнбековду биз, СДПК бийликке алып келдик” деп айтылып жүрөт. Бирок, СДПКны бийликке алып келгендердин бири Жээнбековдор. Муну калыстык үчүн айтып коюушубуз керек. Түштүк региондон добуш албай эч бир партия да, жеке адам да бийликке келе албайт. Кыргызстандын тагдыры мына ошол жерден чечилип калган, муну биз унутпашыбыз керек”, – деди саясат таанучу Орозбек Молдалиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ