Menu

Түркмөнстан мунай кенин өздөштүрүү үчүн инвестор издеп жатат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Каспий деңизинин жээгиндеги «Дэмиргазык Готурдепе» кенин өздөштүрүүгө инвестор издеп, жакынкы жылдары анда алты миллион тоннадан ашык мунай өндүрүүнү көздөп жатат.

Түркмөн өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча изилдөө иштеринен кийин кенде көмүрсуутектин бай запасы бар экени белгилүү болуп, «Түркмөнмунай» мамлекеттик ишканасы аны иштетүү долбоорун даярдап чыккан.

Маалыматка караганда, кенди өздөштүрүүнүн алгачкы баскычтары үчүн 600 миллионго жакын АКШ доллары талап кылынат. Долбоорду ишке ашырууга чет өлкөлүк инвесторлорду тартып, алардын жумшаган каражатын өндүрүлгөн мунайдын эсебинен төлөп берүү пландалууда. Ошондой эле долбоордун алкагында чет өлкөлүк компания менен биргелешкен ишкана түзүү каралууда. Анда иштин негизги көлөмүн «Түрмөнмунай» мамлекеттик ишканасы аткарып, инвесторго тейлөө кызматтары жүктөлөт.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча кенди өздөштүрүүнүн алгачкы баскычтарында мунайдын геологиялык запастарынын өсүүсү 38,5 миллион тоннаны түзүп, иштин жүрүшүндө анын көлөмүнүн 87,3 миллион тоннага чейин жетиши мүмкүн экени кабарланууда. Жалпысынан жети жылдын ичинде кенден 6 миллион 856 миң тонна мунай казуу пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: