Menu

Айгерим Абдразакова, ырчы: “Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов өтпөй калганына ичим аябай ачышты”

Бөлүшүү:

«Энекем менин байлыгым», «Асыл кымбат ата-эне», «Таене», «Атама», «Кыргыз жигиттери» ж.б. ырларды катыра ырдаган ырчы айым Айгерим Абдразакова менен маек курдук. Кошумча жумушу да көп окшойт. Кыздарды сулуулап, каш-кирпигин жасап, бир сөз менен айтканда, көп кырдуу талант экен.

– Айгерим, бала чагың айтылуу Аксы жеринде өтүп, ырчылык дилгириң эрте жетилген экен. Негедир мектепти аяктагандан кийин эле экономист адистигин алуу окуу жайына тапшырганың биз үчүн кызык…

– Авлетим айылында чоңойдум. Үйдө эки кыз болсок, мен кенжеси болом. Эсимде, 3-класста окуп атканда Гүлнара Калдарова эже биздин айылга концерт берип келип калды. Ага чейин эле «Гүлнара эже келсе сөзсүз концертине барам» деп дегдеп жүргөм. Концерт учурунда а кишинин жаркылдап, жайдары ыр ырдаса ичим эзилип, өзүмчө бук болуп, «эже менен кетем, ырчы болом» деп ыйлагам. Апама окшош мээримдүү экенин билет элем. Бирок, ал жагдайды үйдөгүлөргө айта алган эмесмин. Ошондо эле «чоңойгондо ырчы болом» деп бүтүм чыгарып койгом. Анткен менен таенемдин колунда чоңоюп, эрезеге жеттим, экономист кесибин алууда ошо кишинин таасири, ошо кишинин мүлдө каалоосу болуп, айткан сөздөрүн эки кылбадым. Бирок, жүрөгүм дагы деле чыгармачылык жагына ыктап, сахнаны каалап туруп алды.

– Музыкалык билим алгансыңбы?

– Тиешелүү деңгээлде алган эмесмин. Мектеп ийримдерине катышып жүргөн Авас агайым вокалдан сабак берген, нота менен туура ырдоону үйрөтүп, эл кыдырып концерт коюп гастролдоп жүргөн учурлар көп болгон. Ыйык сахнаны урматтоо, ага болгон бийик мамиле ошо кезде калыптанды. Кийин шаарга окууга келгенде, тилекке каршы, ырчылык өнөр унутта калып, жогоруда айткандай, ИСИТО колледжинде финансы жана кредит бөлүмүндө билим алдым. Үч жыл мурун аталаш тууганыбыз, Гүлжигит Сатыбеков агама келип «мен ырдайм, сахнага чыгам, элге таанылгым келет» десем, жакшы каалоо тилектерин билдирип, жадагалса эки жолку чоң концертине кошулуп ырдап чыктым.

– Музыкалык сабатты жоюп, билим алайын деген оюң барбы?

– Өзүмдүн жердеш агам, мен сыйлаган Улукмырза Полотов агайыбыз канчалаган нукура таланттарга билим берип, музыкалык сабаттарын жоюп, эл алдына алып чыкты. Менин да ошол агайдан билим алайын деген изги тилегим бар.

– Репертуар, мындайча айтканда, ыр куржунуңду кандай ырлар менен толуктайын деп атасың?

– Буга чейин ата-эне, мекен, патриоттуулукту жана кыргыздын нагыз мырзаларын даңазалаган ырлар репертуарымда бар болчу. Алдыда деле ушу жаатта жана калың элдин катмарына сиңип калган этно-фольклордук ырларга басым кылсам деп атам.

– Сүйүү ырларычы?

– Ырчылар «сүйүү, сүйдүм, күйдүм, өлүп баратам» дей берип, баркын кетирип бүтүрүштү.

– Угушума караганда, кыздарды сулуулайт экенсиң, кантип?

– Азыр үйгө кыздарды чакырып сулуулайм. Кирпиктерине кирпик кошуп, каштарын коррекция, бетке макияж кылуу менен алекмин. Мындан сырткары, сахна көйнөктөрүн өзүм бычып-тигип, дизайнер, модельермин.

– Жакшы эле таап аткан турбайсыңбы?

– Кудайга шүгүр, жетишет. Ачка калган күнүм болгон эмес (болбой эле койсун). Өзүңүздөр билгендей, азыр ар бир экинчи кыз кирпик-кашын жасатып, сурмасына тату кылдырып алган. Бул – заман талабы. Жадагалса 60-70ке чыккан апалар өзүнө карап, ылайыктуу, жарашыктуу алып жүрүшөт.

– «Аксынын кыздары Көксулуудан кем эмес» дешет. Ушу бойдон жүрө берсең, алты жылдан кийин 30га чыгасың, анан сени эл «кара далы» дей баштайт…

– Менин далым апакай эле (күлүп). Кыргызда «отурган кыз ордун табат» дейт. «Кара далы» болуп калуудан коркпойм. Жүрөгүмдүн ээси жок, бош. Чыгармачылыгыма дем, шык бере турган кыргыздын мырзалары азырынча горизонттун ары жагында камданып турганын сезем…

– Саясат тууралуу эки ооз сөз менен маекти жыйынтыктайлы. Сурайын дегеним, кыргыз коомчулугунда, саясат айдыңында көзгө урунттуу эмнени байкай алдың?

– Саясат жакка көп деле кызыга берчү эмесмин. Бир жыл мурдагы президентгик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун өтпөй калганына ичим аябай ачышты. «Эмнеге ушу киши өтпөй калды? Кыргыздын өң десе өңү, ой десе ою, бой десе бою, баардык жагынан төп келишкен, иштесе иштин майын чыгара турган жигити эле, президент боло турган адам болчу» деп аябай кейидим…

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: