Парламентте бийликке каршы сөз айтылса төшүн тосо калып чыкчу Узарбек Жылкыбаев деген КСДПнын депутаты бар болчу. Жакында эле Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалган. Жылкыбаевдин да артынан желдей болуп жаман сөздөр ээрчип жүрөт. Көлдүн эли да бул баланы кайсыл кылган кызматы үчүн губернатор кылып дайындашты деп баш чайкап олтурат дейт. Көрсө, Узарбек Жылкыбаев да жер маселесине келгенде куйругуна калбыр илчүлөрдүн катарына кирет экен да. Жаныш Бакиевдин заманы жүрүп жаткан кезде Узарбек Жылкыбаевдин Чолпон-Ата менен Бостеринин ортосунан Жакеге деп 50 гектар жерди заматта аким, айыл-өкмөттөрдү чогулта коюп, көз ачып жумгуча каттатып бере салганы ачыкка чыгабы? Же эл калп айтып жүрөбү? 7-апрелден кийин Жаныш өлкөдөн кеткенден соң Жылкыбаев баягы 50 гектар жерди өзүнүн жакындарына өткөрүп алганы тууралуу ак же көк деп айтканбы? Бакиевдердин мүлкү азыр да катуу талашка түшүп жатканда Жылкыбаевдин да бул кылганы аныкталып калып, ызы-чуунун чордонунда калбайбы?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ