Эске салып кетсек, 29-апрелде эртең менен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында жер көчкү жүргөндүгү катталды. Ал жер көчкү 24 адамды басып калгандыгын ӨКМ маалымдаган эле. Көлөмү 1 миллион кубометрди түзгөн жер көчкү 7 турак-жайды басып калган. Азыркы учурда аларды алып чыгуу үчүн 100 куткаруучу ишке тартылганы маалымдалууда. Учурда издөө иштери дагы эле жүрүп жатат.
Бул болгон каргашалуу окуя боюнча “Өнүгүү-Прогресс” саясий фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев оюн билдирди.
«Урматтуу мекендештерим, кайгылуу окуя болуп кетти. Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. Кырсыкты алдын алалбадык» – деп баштады сөзүн Төрөбаев.
Белгилеп кетсек, бул окуяга чейин эле парламенттин отурумдарынын биринде Бакыт Төрөбаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкты алдын албай, кесепети менен күрөшүп жатасыңар деп сынга алган.
«Ошондо эле коңгуроо кагып,эскертип айтканбыз. Эгер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчкө салып,элди башка жайга көчүрсө, мындай өксүктө калбайт элек. Азыр дагы көптөгөн айыл аймактарыбызыда, ушундай кооптуу жайлар бар. Аларды дагы өкмөт өтө ыкчамдык менен алдын алуусу керек деп эсептейм. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы өкмөттөн оперативдүү чечим жана ыкчамдыкты талап кылабыз» – деди ал.
https://www.youtube.com/watch?v=xUODJeFAqdI
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ