Интерпол Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти издөөнү токтотту.
Өлкөнүн Улуттук полициясынын өкүлү Ярослав Тракалонун «Украинская правда» басылмасына билдиришинче, мындай маалымат эл аралык полициянын өзүнөн келип түшкөн. Ошондой эле мындан ары экс-президенттин уулу Александр Янукович дагы издөөдөгү адамдардын катарынан чыгарылды.
Интерполдун Украин улуттук бюросу баардык маалыматтарды өлкөнүн Башкы прокуратурасына жөнөттү.
4-майда Киевде Виктор Януковичке тагылган мамлекетке чыккынчылык кылуу иши боюнча алдын ала сот отуруму өтөт. Мурдагы мамлекет башчы 2014-жылы февралда Майдандагы элдик көтөрүлүш маалында 100дөн ашык кишинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.
Учурда Янукович Орусияда, ага убактылуу башпаанек берилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ