Menu

УКМК: Депутат Аскарбек Шадиевге карата мыйзамсыз чек араны кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

25-июнда КР Башкы прокурору тарабынан Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясыныын депутаты Аскарбек Шадиевге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралу Kyrgyztoday агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылган кылмыш ишин тергөө КР УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде депутат Аскарбек Шадиев Баткен облусу аркылуу Тажикстанга суу кечип, качып өтүп, Хожент-Москва-Нью-Йорк багыты менен чет өлкөгө чыгып кеткен.

28-апрелде ага каршы Чынгыз Айтматов сыйлыгына арналган 30 миң долларды уурдоого катыштыгы бар деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

1-июнь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: