Menu

Кожобек Рыспаев, депутат: Лидерликтен Атамбаевди алмаштырууну туура көрбөйм

Бөлүшүү:

– Кожобек мырза, кээ бир ЖМКлар сизди «Кара-Балта шаарында партиялаштарына чай берди» деп жазышты. Жөн-жай элеби?

– Мен партиялаштарыма чай берген жокмун. Орозо маалында өзүмдүн шайлоочуларыма барып, 250 кишини чакырып, ооз ачырдым. Ал менин укугум. Бул жерде эч кандай саясат жок.

– «КСДП болбой калды, башка партияга өтүш керек эле» дегениңиз чынбы?

– Андай сөз болгон жок. Көрүп атасыңар, «КСДПда жүргөн кээ бир адамдар коррупция менен байланышкан» деп азыр тергөө амалдары жүрүп атат, «аны көрө жатарбыз» деген маанидеги гана сөздөр айтылды. Жанагындай КСДПдагы адамдардын кулактары чыгып, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов суракка алынып жатса, аны мен айтпасам башкалар деле айтат да. ТЭЦ боюнча камакта жатышса, эмне деп айталы? «КСДП аябай жалтырак, сопсонун экен, эч кимиси суралган жок» деп айталыбы?

– КСДПнын лидерин алмаштыруу боюнча демилге көтөрүлүп жатыптыр. Бул маалыматты сиз уктуңузбу? Уккан болсоңуз колдойсузбу?

– Мурдагы партиялаштарынын арасында ушундай сөздөр, кайрылуулар жүрүп атат. Мен ал боюнча ар кыл сөздү айта албайм. Бул партияны Алмазбек Атамбаев түптөгөн. Анын эмгеги бар. Андыктан, «аны бөлөк кишиге алмаштыруу керек» деген талапты мен туура көрбөйм.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: