Menu

Фотобаян – Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкектеги жаӊы мечиттин курулушу менен таанышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-июнда КР Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ордо калаада жаӊы курулган мечитте болуп, анын имараты менен жеринде таанышты. Жаӊы курулган мечит өлкө аймагындагы эӊ ири мечит болуп калышы ажеп эмес. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мечиттин долбоору боюнча Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары биргелешип иш алпарып, түрк тарап анын курулушуна 25 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүп берген. Мечиттин бийиктиги 40 метрге, ал эми анын мунараларынын бийиктиги 70 метрге чейин жетет.

Анын имараттары толугу менен Түркиядан алынып келген мармар таш менен капталган. Курулушка жергиликтүү материалдар да колдонулду. Имараттын ички бөлүктөрү түрк чеберлери тарабынан кооздолду. Андан тышкары, мында «жылуу пол» менен видеобайкоо жабдуулары, лифттер орнотулду. Ошондой эле, зыяратка келгендер автомашиналарын өзүнчө жайларга токтото алышат.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай ири курулуш көп сандагы момун мусулмандардын зыярат кылуусуна мүмкүнчүлүк берип, ордо калаанын архитектуралык түзүлүшүнө көрк кошо турганын белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: