Menu

Бойго жете элек эже-сиңди бир күндө турмушка чыкты

Бөлүшүү:

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө берди. Динди бекем тутунган үй-бүлөнүн кыздарын турмушка эрте узаткан факт боюнча акимчилик, райондук милиция жана социалдык коргоо бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен кыздардын ата-энесине да, аларды келин кылып алган тарапка да укуктук баа берилет.

Эки кызын бир күндө күйөөгө узаткан Руслан : “Кыздарыма жуучу түшүп келишти. Динде эч кандай мажбурлоо жок. Мен кыздарымды мажбурлаган жокмун. Өз көңүлдөрү менен макул болушту. Кудаларым менен сүйлөшүп, кыздарымдын никелери биздин үйдөн кыйылды. Мага калың беришкен жок. Динде атасына калың бербейт, күйөө болчу киши кызга алына жараша калың берет. Кыз каадасын кылып, той өткөргөн жокпуз. Эми кийинчерээк кыргыздын салтын кылып, куда тособузбу-жокпу сүйлөшөбүз”,- деп кыздары эч кандай мужбурланбай эле турмушка чыкканын “Азаттыкка” маалым кылды.

Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетова: “Күйөөгө тийсе боло берет экен, мамлекет эч нерсе кыла албайт экен деген сөз элде болбош үчүн биз азыр аракет кылып жатабыз. Бул кыздар негизи мектепте тогузунчу классты бүтүшкөн. Тогузунчу классты бүткөндөн кийин ал окуусун улантабы же жокпу өзү билет, бирок бойго жетелек кыздардын турмуш курганына биз кайдыгер карай албайбыз”, – деп жашы жете элек кыздарды дин жолу менен эртелеп турмушка узатуу тенденциясы жайылып кетпеши үчүн буга чара көрүлө турганын билдирди.

Ал арада райондук ички иштер бөлүмү жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү фактысы боюнча ишти тергөөгө жөнөтүү алдында турат.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык, 18 жаштан баштап турмуш курганга уруксат. Нарын облусунда өткөн жылы 18 жашка толо элек алты кыз күйөөгө чыккан.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: