Menu

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ушул жылдын июнь айында мен Кыргызстанга мамлекеттик визит менен бардым жана Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катыштым. Сиз менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, „Бир алкак, бир жолду“ биргелешип куруу жана бардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы келишимдерге жетиштик, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы планын белгиледик. Мен Сиз менен кытай-кыргыз мамилесин, стратегиялык өнөктөштүгүбүздү, биздин өлкөлөрдүн бакубатчылыгы үчүн бардык тараптан жаңы деңгээлде үзгүлтүксүз алдыга жылдырууга биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана бардык ишинде ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: