Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева эки тараптуу пневмонияга чалдыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.
“Достор, 10-12 күндөн бери Covidдин белгилери болуп, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тест отрицательный чыкканы менен, 4-июлда КТ эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө бардык укол, дарыларды алдым. Жакшымын, буйруса. Сатурация дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөну текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам”-деп билдирүү калтырган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ