Бүгүн, 19-марттын кечинде Бишкектеги ири банктардын баары доллар менен евронун кунун кескин көтөрүшүп, 1 долларды 85 сомдон 1 еврону 95 сомдон сата башташты.
Буга чейин доллар 11-мартта 69 сомдон 73 сомго көтөрүлгөн болчу. Анда КР Улуттук банкынын төрагасы Толкун Абдыгулов “1 доллар максимум 73 сомго көтөрүлөт да анан кайра төмөндөй баштайт” деп элди соороткон.
Албетте доллардын кымбатташы бул нефтиге баанын кескин арзандашына байланыштуу орус рублинин күчтөн тайып бараткандыгы менен түшүндүрүлөт. Россиянын экономикасына бажы союзу аркылуу байланган Кыргызстандын сому орус валютасы арзандаган сайын алдан-күчтөн тая берет.
КР Улуттук банкынын төрагасы эртең саат 10:00гө маалымат-жыйын жарыялады, кыязы валюта базарындагы абалды чечмелеп берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ