Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча сот отуруму өз ишин улантты. Ал эми соттун алдында абактагы Алмаз Атамбаевдин тарапкерлеринин жана каршылаштарынын митингдери өтүп жатат.
Каршылаштары “Атамбаев – коррупционер камалсын!” деп кыйкырып талап кылышса, тарапкерлери “Атамбаев апакай боштондукка чыгарылсын!” деп кыйкырышууда.
Каршылаштары “Атамбаевге сатылып митингге чыккандар” деп айыпташса тарапкерлери тескерисинче аларды “саткындар” деп айыпташууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ