-Жылдыз Айтибаевна, 5-апрелде Өмүрбек Текебаев менен 6 жылга чукул созулган сот процесси өтмөк. Ошол соттук процесс эмне менен бүттү?
-Туура, сот процесси 6-жылга карай кетти. Бул жолу да кезектеги эле көрүнүш, Текебаев «досум» келбей койду. Текебаевдин суранычы менен сот өзү 5-апрелге соттун кезектеги кароосун койгон болчу.
-Текебаев кандай доо арыз менен сизди сотко берген?
-Апрель-июнь окуясы боюнча парламентте депутаттык комиссиянын орун басары катары мен тарабынан айтылган чындыкка чычалап, Текебаевдин жана «Ата Мекен» партиясынын «эки кандуу окуяларга күнөөбүз жок, башкалардын күнөөсү бар» деп, эмнегедир тарыхтын, элдин алдында эмес, менин алдымда актанып жатканы мага түшүнүксүз. Күнөөсү жок болсо, элдин алдына барып, күнөөсү жоктугун далилдеп берсин. Себеби, карапайым эл жабыр тартты.
-Эмки сотуңар качан болот?
-Сот процесси 19-майга саат 14:00 жылдырылды. Мен мурун да айткам, азыр да айтам, мени канча алар куугунтукташпасын, коркутушпасын, ким күнөөлүү болсо, июнь окуясына жооп беришет.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Булак: “АЗИЯnews”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ