Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Швейцария Федералдык Ассамблеясынын эки палатасынын пленардык жыйындарына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Швейцариянын Улуттук Кеңешинин жыйынында төрагалык кылуучу Турсунбеков башында турган Кыргызстандын парламенттик делегациясы Швейцарияга расмий иш сапар менен келгендигин жарыялады. Швейцария парламентинин депутаттары кыргыз делегациясын кол чабуулар менен тосуп алышты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин делегациясы Швейцариянын Улуттук Кеңешинин төрайымы Криста Марквальдердин чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6-9-июнь күндөрүндө Швейцария Конфедерациясында расмий иш сапары менен жүрөт. Ал эми Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвердин чакыруусу боюнча 9-11-июнь күндөрүндө Венргияга расмий иш сапары менен барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ