Menu

Элнар Дайыр, ырчы: “Интернетке тараган видеодон кийин тойлорго чакыруулар көбөйө баштады”

Бөлүшүү:

Тойдо «Суунун боюнда, сени күтөмүн» деп чачты ары-бери силкип ырдаган кичинекей Элнар аттуу жигит канча күндөн бери интернет айдыңында абдан популярдуу болуп жаткан учуру. Жаш таланттын өзгөчө бийи, кыймыл-аракети миңдеген адамдардын алкоосуна татып, айрым телеканалдар мейманга да чакырганга үлгүрүштү. Таланттуу жеткинчек менен биз да баарлаштык.

– Элнар, интернетке тараган видеодон кийин күйөрмандарың көбөйдүбү? Атактуу болгон кандай экен?

– Ооба, таякемдин кызын турмушка узатып жаткан тойдо ырдагам. Ошол видео интернетке чыгып кетиптир. Тез эле элди аралап кетти. Мындай популярдуулукка жетет деп ойлогон деле эмесмин. Анткени буга чейин көп эле тойлордо ырдап жүргөм. Эмнегедир ушул тойдо ырдаганым элге тез жетти. Атактуулукту, күйөрмандардын көбөйгөнүн деле сезген жокмун, баягыдай эле жүрөм. Бирок интернетте көп жакшы каалоо-тилектерди жазып жатышат.

– Канча убакыттан бери ырдайсың? Ырда деп ким жол көрсөттү эле?

– Кичинемден эле ырдаганды жакшы көрүп, ырдап келе жатам. Бирок музыка менен атайын ыр жаздырып ырдап жатканыма 2-3 жыл болду. Эжейим “Ырда, сен таланттуусуң” – деп сахнага чыгуума түрткү берген. Ата-энем ар дайым уялба, талантыңды элге тартуула деп дем берип, көмөк көрсөтүп турушат.

– Келечекте ырчы болгуң келеби же башка кесиптер да жагабы?

– Ырчы эле болгум келет. Мага чыгармачыл чөйрө абдан жагат.

– Тойлорго сени кимдер чакырат же жарнама кыласыңбы?

– Менин ырдаганымды көргөн тамада байкелер, той ээлери, тааныштар, туугандар чакырышат. Көбү тойлордон батасын берип, номеримди алышат. Мурункуга караганда азыр чакыруулар көбөйө баштады.

– Клип тартып телевидениеге берели деп жатасыңарбы?

– Ооба, өткөндөгү видеодон кийин атам менен апам клип тартуу тууралуу айтып жатышат.

– Кайсы ырчыларды жактырасың?

– Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Кайрат Нуртас аябай жагат. Ошолордой атактуу ырчы болгум келет.

– Конкурстарга катышып көрбөйсүңбү?..

– Мектеп аралык конкурстарга катышып эле жүрөм. Республикалык же эл аралык конкурстарга катышууну кыялданам.

– Стилистиң апаң окшойт ээ же өзүң кийим тандап, чач жасалгаңды да өзүң жасатып жүрөсүңбү?

– Көбүнчө кийимди деле, чач жасалгамды деле өзүм тандайм. Апам дайыма кеңешин берип турат. Бирок апам көбүнчө мен жактырган нерселерди алып берет.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: