“Оппозицияны куугунтуктоо бул кулай турган бийликтин агониясы. Атамбаев жасалма документтерди бетке кармап өзүнүн оппоненттерин куугунтуктап кирди. Биз эл аралык адвокаттар менен келишим түзүп, Атамбаев менен Сегизбаевдин калпын далилдеп беребиз. Ошондо Сегизбаев отставкага кетеби? Атамбаев отставкага кетеби? Бир кезде биз “матрешка-гейттин” калп экенин далилдеп бергенде Жаныш Бакиев отставкага кеткен, азыр Абдил Сегизбааев отставкага кетеби? Кеп ошондо. Атамбаев өлкөнү зордук-зомбулук менен ачык башкара баштады, биз аны токтотушубуз керек”, – деп билдирди бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ