Ленин РИИБине борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. 14-майда саат 16:30дар чамасында Ош базарында жайгашкан соода борборунан белгисиз адам арыздануучунун капчыгын уурдап кеткен. Капчыктын ичинде 12300 сом, айдоочулук күбөлүк, банк карточкасы болгон.
Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы А.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Ал фактынын негизинде 164-берене менен (Уурулук) кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ