Тажикстан парламенти 17-майда өкмөт жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, президентке ак кызмат өтөөнү убада кылган министрлер антын бузушса, жоопкерчиликке тартылышат.
Мындан тышкары аткаминерлер жана алардын үй-бүлөлөрү жыл сайын киреше жана мүлкү тууралуу декларация тапшырууга дагы милдеттендирилди.
Былтыр июлда президент Эмомали Рахмон өкмөт жана парламент мүчөлөрү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, өкмөт мүчөлөрү Конституцияны, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Тажикстан президентинин жарлыктарын кыйшаюсуз аткарууга, калыстык жана мыйзамдуулук принциптерин карманууга, эл аралык деңгээлде өлкө кадыр-баркын жогорулатуу максатында ак кызмат өтөөгө ант беришет. Ал эми депутаттар болсо элге ишенимдүү кызмат кылабыз деп убада беришет. Анттын текстин тажик президенти Эмомали Рахмон өзү жазган. Бирок мыйзамда антты бузуунун жоопкерчилиги каралган эмес.
Ант берүү тууралуу мыйзам 2016-жылы 22-майда референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституцияда камтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ