КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 29-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды.
Р.Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат.
Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатындабаардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ