“Генералдык прокуратура Тайырбек Сарпашевди коррупциялык кылмыш менен айыптап, кызматтан алууну талап кылса да эмнеге аликүнчө ал кызматтан алынбай келатат?” – деп суроо салды КР Жогорку Кеңешинин 2-июндагы жыйынында “Республика-Ата-журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.
КР Мамкаттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Туулгандыгы тууралу күбөлүктү басмаканадан басып чыгарууда тендердик мамлекеттик мыйзамдарды одоно бузуп, мамлекеттик ири суммадагы акчаны тендерде утпаган жеке менчик ишканага которткон. Ал жеке менчик ишкана Туулгандыгы тууралу күбөлүктөрдү кайра эле КСДПчы Рыскелди Момбеков жетектеген мамлекекттик ишкана – “Учкун” басмаканасынан арзан баада бастырып чыгарган. Акчанын ортодогу айрымасы коррупционерлердин чөнтөгүнө түшкөн. Бул кылмыш фактысы боюнча КР Генералдык прокурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304- коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Ал аз келгенсип КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков жетектеген мамлекеттик “Учкун” басмаканасы Туулгандыгы тууралу жана Нике күбөлүктөрүн да одоно граматикалык каталар менен басып, ал сабатсыздыктын айынан мамлекеттик ири суммага басылып чыккан күбөлүктөр жараксыз болуп калган.
Ошентип жемкорлук менен сабатсыздыктын айынан мамлекеттик казынага ири суммадагы зыян келтирилген.
Видео: Сентябрь ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ