“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 3-июнда Лондондо болгон жардырууга жоопкерчилик алды. Террордук кол салуудан жети киши мерт кетип, 48и ооруканага жаткырылган, алардын арасында айрымдарынын абалы оор. Британ полициясы Лондондун чыгышынан терактка шектүү катары 12 кишини кармады.
Полиция террорчулардын үчөө тең “жанкечти кемерин” тагынып жүргөнүн, бирок жандарында жардыруучу зат болбогонун маалымдады. Кол салуучулар көбүрөөк дүрбөлөң жасагылары келгени божомолдонууда.
Скотленд-Ярд өкүлүнүн кабарлашынча, кылмышкерлерге карата сегиз полициячы ок атып, үчөөнү тең өлтүрүшкөн. Бир жай тургунга кокустан ок жаңылган.
3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үч теракт болду.
https://www.youtube.com/watch?v=Sgw2apGJSBk&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ