Сооронбай Жээнбеков Кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, статс-катчылардын иштеринин рейтингинде жогорку жетишкендиктери үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык буйрукка кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Ташиев Жапаркул Актаевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Мамыралиев Айбек Абаскановичке, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыяланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ