Ушул күндөрү Кыргызстан профсоюздар федерациясында жамаат ич ара ыркырашып, кызык маанай жаралганы белгилүү болду. Кызматкерлердин алды төрага Мирбек Асанакуновго каршы жаалы кайнап, эки ирет нааразычылык акциясына чыгышты эле көпчүлүктүн каарынан коркконбу, Микең дароо ооруканага түшкөнү кабарланды. Баса, андагы өзүнө каршы чыккан топту Мирбек Асанакунов күч органдарындагы тааныш-билиштери аркылуу каматып, иш козготуп салууга дейре барарын айтып, коркутуп жаткандыгы кандай? Мындай кадамдарына ачууланган топ жакында ага карата кайрадан сенсациялар түрмөгүн көтөрүүгө жандалбас урушарынан кабардар болдук. Эстүү жетекчи болсо ушуларды эки жаат кыла ыркыраштырбай, эпке келтирип коёт эле да? Көрөгөч жетекчилерге жарыбай калдык го?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ