Menu

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу комитетте каралып, спикерге жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-декабрда депутаттар Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кортундусун укук тартиби боюнча парламенттик комитетте карап, жүз добуш менен колдоп беришти. Алар корутундуну Жогорку Кеңештин жалпы жыйынындагы күн тартибине киргизүү үчүн, спикер Дастан Жумабековго жиберишти. Күн тартибине кирсе, 12-декабрда сессияда каралат.

Эске сала кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдардан жөнөкөй адамга чейин сурап бүтүштү. Калыстык үчүн Арашандыктарды да угууга аракет кылып, көчмө жыйын уюштурушкан, бирок, алар ажылдап, темадан чыгып кетишкен.  Мамкомиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова да убакыттын жөн эле текке кеткенин айтып кейиген. “Жыйынга нак күбөлөр келгенде, сөз башкача болмок. Бирок жыйынга Атамбаевдин туугандары менен албууттанган жакындары келип алышыптыр. Үч саат бою кыйкырып-өкүрүп, эпсиз айып коюу менен курулай убакыт өтүп кетти. Атамбаевдин тарапташтарынын кызыкчылыгы үчүн комиссия окуянын майда-чүйдөсүнө чейин изилдегенге аракет кылды,- деп айткан К.Сооронкулова. Чынында ошондой болгон. Атамбаевдин Бүажар аттуу мурунку аялынын апасы Гүласал Теңизбаева да барып алып, Атамбаевди жактап, коргоп, мамкомиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Бакиевдин убагында түрмөгө түшүп калганда, аны коргоп көчөгө чыкканын айтып, убакытты алган.

Мамкомиссиянын жыйынына эки гана адам барбай койгон, тагырагы, Атамбаевдин жакын адамдары, үй камагындагы депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина бир нече жолу чакырылып, алар жооп берүүдөн баш тартып, катышпай коюшкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: